Ошто 5-8-класстардын предметтик олимпиадасы өтөт

0

Ош шаарындагы мектептердин 5-6-7-8-класстардагы окуучуларынын тестер менен иштөө көндүмдөрүн калыптандыруу, алардын мониторингин жүргүзүү, ошондой эле олимпиадалык топтордун даярдыгын күчөтүү максатында 2017-жылдын 1-2-ноябрь күндөрү предметтик олимпиада шаардык деңгээлде өткөрүлөт.

Бул саамалык БАЖСКО деп (узартылышы: бешинчи, алтынчы, жетинчи, сегизинчи класстардын олимпиадасы) аталып, Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу бардык мектептердин, ошондой эле каалоочу менчик мектептердин окуучулары үчүн өткөрүлөт. Жыйынтыгы электрондук текшерүү ыкмасы менен заматта чыгарылып, жалпы алдыңкы ондукка кирген, ошондой эле предметтик көрсөткүч боюнча биринчиликти багындырган мектептерди сыйлоо аземи Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулмакчы.

Кошумчалай кетсек, предметтик олимпиада буга чейин 5-6-7-8-класстар үчүн мектептик баскычта гана өткөрүлсө, быйыл республика боюнча Ош шаарында аталган класстардын олимпиадасы шаардык деңгээлде алгач ирет өтүп жатат.

Орду: Ош шаарындагы № 17 Ю. Гагарин гимназия мектеби
Тел.: 03222 2-12-85, 0552 600 700

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/841