Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси, абакта жаткан Болсунбек Казаковду үй камагына чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды.Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Мамлекеттик мүлк фондунунун мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаков үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Казаков 2018-жылдын 10-апрелинде камакка алынган. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык экени айтылып жүргөн коттеждердин сатылышына байланыштуу кылмышка шектелип кармалган.
2017-жылдын күзүндө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына жакын жердеги 48 коттедж 12,4 гектар жери менен аукцион аркылуу 142 миллион сомго сатылганын билдирген. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын мүлкү болгону жана улутташтырылганы айтылган. Аукционду коомчулукка белгисиз «ВостокТехКомплект» компаниясы уткан.