Каракол шаарында Убукеев атындагы көчө капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Жол чарба муниципалдык ишканасынан билдиришти, деп маалымдайт аймактык кабарчы.
Маалыматка караганда, жолдун узундугу 900 метр, туурасы 6 метр болуп жасалууда. Ага КРнын Транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан 9 млн сом бөлүнгөн. Курулуш ишин «Дорстрой» фирмасы жүргүзүп жатат.
«Учурда жол тапталып, асфальт төшөө үчүн даярдалууда. Эмки жумада асфальт басылып, жакынкы арада иш толук бүтөт», - дейт ишкананын жетекчиси Бакыт Барктабасов.
Булак: turmush.kg