№1 СИЗОнун кызматкери абактагы адамга телефон берүүгө аракет кылган

0

Кечээ, 5-июнда Бишкек шаарындагы №1 абактын көзөмөлдөөчүсүнөн «Самсунг» үлгүсүндөгү уюлдук телефон кубаттоочу каражаты менен алынды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын ыкчам бөлүмүнүн кызматкерлери менен сүйлөшүүдө, көзөмөлдөөчү телефонду абакта кармалгандардын бирине жашыруун берүүгө аракет кылганын айткан. 

Аталган факты боюнча материалдар юридикалык баа берүү үчүн прокуратурага жөнөтүлдү.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тиешелүү кызматкерлердин мыйзамга каршы иш-аракеттерин аныктоо үчүн профилактикалык иш жүргүзүөт.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/9560