Партиялар шайлоого катышарын 3-сентябрга чейин билдирүүгө тийиш

0

Саясий партиялар 28-ноябрга белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу ниетин Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 3-сентябрга чейин билдирүүгө тийиш.

БШКнын маалыматына караганда, 29-августта парламенттик шайлоонун календарлык планы бекитилди.

Ага ылайык, 3-сентябрда, саат 18:30га чейин партиялар тийиштүү маалымдаманы Боршайкомго жиберүүгө тийиш. Ал эми 14-октябрга чейин курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин түзүүсү керек.

14-октябрга чейин бир мандаттуу шайлоо округунан катышуучу талапкерлер да өздөрүн көрсөтөт. Алар саясий партиялардан да, өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен да шайлоого катыша алышат.

18-октябрга чейин шайлоого катышуучу саясий партиялар да, бир мандаттуу талапкерлер да тиешелүү документтерин БШКга жиберип, 29-октябрга чейин талапкер катары катталышат.

Ат салышуудан баш тартууну каалаган саясий партиялар 18-ноябрга, ал эми бир мандаттуу округдардан талапкерлер 25-ноябрга чейин билдирет.

Президент Садыр Жапаровдун 29-августтагы буйругу менен Жогорку Кеңештин 7-чакырылыштагы депутаттарын шайлоо 28-ноябрга дайындалды.

Жаңы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

URL: https://archive.bulak.kg/show/17643