Москва шаарындагы унаа кырсыктан мерт кеткен кыргызстандык 3 жигиттин экөөсүнүн сөөгү бүгүн,19-июлда Кыргызстанга алынып келинет. Бул тууралуу Россиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди.
Анын айтымында, каза болгон жигиттердин бирөөсү Кыргызстандын жараны болсо, экөө Россиянын жарандыгын алышкан.
«Эки жигит Оштон,дагы бири Жалал-Абаддан болушат экен. Алардын экөө Россиянын жарандыгын алышыптыр.
Бүгүн жалал-абаддык жана оштук жигиттердин сөөгүн Кыргызстанга жиберебиз. Алардын туугандары табылып, документтери даяр болду. Ал эми дагы бир оштук жигиттин туугандары кеч табылгандыктан, анын сөөгүн бир күндөн кийин мекенине жиберебиз», - деди ал.
Кечээ,18-июлда Москва шаарындагы унаа кырсыктан кыргызстандык 3 жигит каза болгон. Бул тууралуу Россиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдирген эле.
Анын айтымында, таксист болуп иштеген жигит 2 жүргүнчү менен кетип бара жатып, саат 04:00 чамасында Ташкент көчөсүндө кырсыкка кабылган. Унаа жол четиндеги бетонду сүзүп, жараксыз абалга келген.
360 телеканалынын маалыматына караганда, кыргызстандык 20 жаштагы айдоочу жогорку ылдамдыкта бара жатып, башкарууну жоготуп түнкү чырактын мамысына урунган. Унаанын ичинде 19 жана 27 жаштагы жүргүнчүлөр болгон. Алар тез жардам келгенге чейин кырсык болгон жерде каза болушкан.
Кийинчерээк Кыргызстандын Россиядагы элчилиги жол кырсыгына кабылган айдоочу менен эки жүргүнчү тең кыргызстандыктар экендигин билдиришти.
«Россиянын тиешелүү укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен жолугуп сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жол кырсыктан каза болгон 3 жигит кыргызстандык
экендиги аныкталды. Алардын ичинен эки жигит Россиянын жарандыгын алышыптыр. Каза болгондор—1998-жылы туулган Б.уулу М.,1989-жылы туулган К.З. жана 1997-жылы туулган Т.уулу А.»,-деп айтылат маалыматта.
Учурда Москванын укук коргоочулары жол кырсык боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп жатышат.
«Автоунаанын айдоочусу каза болгондугуна байланыштуу кылмыш иши козголбойт, бирок өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалат»,-деп билдиришти укук коргоочулар.