Р.Акматбаевдин мурдагы жакынынан тапанча жана бүктөмө бычак табылды

0

16-июлда ИИМдин кызматкерлери ок атуучу куралды мыйзамсыз сактап жүргөн адамды кармады. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда министрликтин басма сөз кызаматы маалымдады.
Маалыматка караганда, Бишкектеги иликтөө иштеринин алкагында 1975-жылы туулган О.Д. кармалган. Анын жанынан 15 огу менен «Гранд Пауэр» үлгүсүндөгү тапанча жана бүктөмө бычак табылган. Аталган факты боюнча ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо беренеси менен кылмыш иш козголду. Кармалган ысык-көлдүк адам мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда тургандыгы, криминалдык авторитет Рыспек Акматбаевдин жакыны болгондугу такталды. Кийин Россиянын жарандыгын алган.
Учурда иликтөө иштери улантылып жатат.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/6180