Депутат бачабаздарга карата өлүм жазасын киргизүүгө каршы эмес.Жарандык коом бачабаздык фактысы тууралуу маалыматтарды аз берүүдө.

0

Жарандык коом бачабаздык фактысы тууралуу маалыматтарды аз берүүдө. Бул тууралуу тегерек столдо ИИМдин өкүлү Марат Сапаев билдирди.

Анын айтымында, бачабаздарды негизинен милиция таап чыгууда.

«Тартип сакчылары зордуктоого кабылган балдарды таап аныктап чыгышат. Бул учурда биз тиешелүү органдарга билдиребиз. Сексуалдык зордуктоонун 20 пайызы тааныш эмес кишилер тарабынан жасалат. Калганы өгөй ата, өз ата жана башка туугандары тарабынан зордукталат. Кошуналары бөлөк бирөөнүн жашоосуна кийлигишкиси келбейт, мындан улам балдарга карата жасалган зомбулук тууралуу билдиришпейт»,-деди Марат Сапаев.

Мен бачабаздарга карата өлүм жазасын киргизүүгө макулмун. Бул тууралуу тегерек столдо депутат Айнуру Алтыбаева билдирди.

Анын айтымында, бачабаздар жоопко тартылышы керек.

Балдарга карата зордук-зомбулук негизинен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө катталууда. Сексуалдык жактан зордуктоо айрыкча туугандары жактан болууда. Депутаттар дайыма кылмыш-жаза мыйзамдарын оңдоодо колдоо көрсөтүп келет. Кылмыш жана Кылмыш-процессуалдык кодексинин жаңы редакциясында бачабаздарды катаал түрдө жазалоону күчөтүү каралган. Муну менен бирге соттук реформаларды өткөргөндөн кийин өлүм жазасын киргизүү керек

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/6181