Ош—Бишкек унаа жолунда жол кырсык катталып, анын кесепетинен 4 адам каза болду.
Маалым болгондой,жол кырсык 4-августта саат 18:00 чамасында болгон.Анда Ош шаарынын тургуну «Хонда-Аккорд» унаасы менен Бишкек шаарын көздөй бара жатып,карама-каршы багытты көздөй келе жаткан «Мерседес-Бенц 300» унаасы менен кагышкан.Аны Чүй облусунун Аламүдүн районунун тургуну башкарып бара жаткан.
Кырсыктын кесепетинен «Мерседес-Бенц 300» унаасынын жүргүнчүлөрү — Ош облусунун Өзгөн районунун Красный-Маяк айылынын тургундары 1978-жылы тулган У.Ш. 1978-жылкы К.К. 1978-жылкы Б.Э. М.К. окуя болгон жерде каза тапкан.
Ал эми «Хонда-Аккорд» унаасынын айдоочусу менен жүргүнчүсү ооруканага түшкөн.