Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Соң-Көл жайлоосунда уюштурулган малчылардын тою мушташ менен коштолду. Аймактык кабарчыга маалым болгондой, эр эңишчилердин ортосунда пикир келишпестиктер жаралып,эки тараптын ортосунда уруш чыккан.
Буга чейин маалымдалгандай 2-август күнү Соң-Көл жайлоосунда малчылардын майрамы белгиленип, улуттук оюндар боюнча мелдештер да өткөн. Анын алкагында Тоголок Молдо айылынын балбаны менен Жаңы-Талап айылынын балбаны бири-бирин камчы менен чаап жиберген. Мындан кийин эки балбандын тарапташтары кошо эки-экиден мушташкан.Акыры аларды милиция кызматкерлери токтотушту.

Алдын ала маалыматтар боюнча, оор жаракат алгандар болгон эмес Ал эми урушка себепчи болгон эки балбан элден жана уюштуруучулардан кечирим сурашты.