ӨКМ:Нарын дарыясына агып кеткен 30 жаштагы жаранды издөө иштери улантылууда

0

 4-август күнү Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын Достук айыл аймагына караштуу Бачок тилкесинде Нарын дарыясына 1988-жылы туулган Б.З. аттуу жаран түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

ӨКМдин берген маалыматына ылайык,5- август күнү издөө иштери жүргүзүлүп, бирок табылган эмес.

Бүгүн,6-август күнү саат 08:40та издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 6 куткаруучу жана КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын №2 Издөө-куткаруу отрядынан 13 куткаруучу, жалпы 19 куткаруучу тартылган. Кошумча маалымат берилет.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/6546