Боом капчыгайында айдоочу рулду башкара албай,унаа оодарылып кетти

0

«2018-жылдын 5-август күнү 16:23 чамасында Бишкек-Нарын- Торугарт унаа жолунун  Боом капчыгайында “Тайота-Марк II” үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып  оодарылып кеткен»,-деп айтылат маалыматта.

Кырсыктын кесепетинен айдоочу 1949-жылы туулган П.В. жеңил жаракат алган. Кырсык болгон жерге КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруучулары барышып, айдоочуну тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/6547