Маалыматка краганда, Токтогул районунун Үч-Терек айыл аймагында 3-августта саат 02:30 чамасында «Шылдырак» жайлоосунда чагылган түшүп,анын кесепетинен М.М. аттуу жарандын 41 баш кой эчкиси өлгөн (35 баш эчки, 6 баш кой).
Райондук ветеринардык кызматынан 1 жана айыл аймагынан 2 кызматкер тартылган.5-август күнү тартылган күчтөрдүн жардамында өлгөн кой эчкилердин тарпы жерге көмүлгөн.
Райондук администрациядан маалымдашкандай, чагылгандан улам өлгөн жандыктар адистердин көзөмөлүндө көмүлөт. Акимдин буйругу менен Жарандык Коргонуу комиссиясы «Шырылдак» жайлоосуна жөнөп кетти.
Алар жеринде иш алып барылууда.