Кемпир-Абад суу сактагычына 13 жаштагы өспүрүм чөгүп кетти

0

Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычына 13 жаштагы өспүрүм чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, аталган суу сактагычка 2005-жылы туулган Б. уулу Д. аттуу өспүрүм бала чөгүп кеткен. Издөө аракеттери болгону менен натыйжа чыга элек.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/6560