Өткөн апта соңунда Уюшкан кылмыштуулукка каршы курөшүү бөлүмү тарабынан Кочкор-Ата шаарында областтык масштабтагы «Уюшкан кылмыштуулукка каршыбыз» аталышта спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Иш-чарага областтын аймагынан 8 команда катышты. Алар: Токтогул, Аксы, Ала-Бука, Жалал-Абад, Сузак, Кочкор-Ата, Базар-Коргон, Кара-Көл командалары катышты.
Аталган мелдешке 40 жаштан жогорку улуу муундар арасындагы райондук курама командалар беттешти.
“Милициялардын шылтоосу менен алыстан келип жаштыгыбызды эстеп жатабыз. Себеби, бул жерге келгендер эски 90-жылдардагы волейболду дүңгүрөткөн Жалал-Абаддын өзүнчө легендарлуу жылдыз атыккан ардактуу спортчулары келип олтурат. Көптөн бери жолугуша элек болчубуз", - деди Токтогул районунун тургуну Кыдыралы Ибраимов.
Негизинен спорт оюндары тарбиялык жана ден-соолукту чыңдоодо чоң мааниге ээ. Бүгүнкү мелдештин башкы максаты коомчулук менен милициянын ортосундагы мамилени чыңдоо жана эл ишенимдүүлүгүнө ээ болуу багытында. Аны менен катар уюшкан кылмыштуулукка биргеликте бөгөт коюу"-деди Жалал-Абад облусу боюнча Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүнүн башчысы Ильяз Нарматов.
Мелдештин соңунда жеңүүчүлөр аныкталып, 1-орунду Жала-Абад шаарынан барган спортчулар багындырып, 20 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду. 2-орунду Аксы району ээлеп, 15 миң сом, 3-орунда, Ала-Бука 10 миң сомго ээ болушту. Ал эми 4-орунду Токтогул районунун спортчулары камсыздашты.