КУУнун студенттери Роза Айтматова менен жолукту

0

Бүгүн Ж. Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетинин мезгилдүү басма сөз кафедрасынын уюштуруусу менен 8-март Аялдардын эл аралык күнүн утурлай профессор Роза Төрөкуловна Айтматова менен студенттердин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууну факультеттин деканы, доцент А. Т. Дуйшекеева ачып, Айтматовдордун үй-бүлөлүк тагдыры, бир үй-бүллдөн төрт баласынын тең белгилүү инсандар катары калыптануусунда алардын апасы Нагима Абдувалиевнанын зор салымы бар экендигин баса белгиледи. Жолугушууда Роза Төрөкуловна «Ч. Айтматовдун чыгармачылыгындагы аялдардын образы» деген тема боюнча кеңири баяндама жасады. Анда белгилүү жазуучубуз Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы башкы каармандардын прототиптери өздөрүнүн эле айылдаштары тууралуу, «Саманчынын жолу» повестиндеги Толгонай апа, «Биринчи мугалим» повестиндеги Алтынай жөнүндө, алардын кийинки тагдырлары тууралуу кызыктуу маалыматтарды, окуяларды айтып берди. Ошондой эле, студенттердин суроолоруна жооп берип жатып, жазуучунун бала кезиндеги көпчүлүк билбеген, анын чыгармачыл инсан катары калыптануусуна түрткү берген кызыктуу окуяларды баяндап берди. Бул жолугушуу болочок журналисттерге терең таасир калтыргандыгын студенттердин берген суроолору менен ынтаа коюп угуп отуруусу далил.
Жолугушууда басма сөз кафедрасынын профессору, белгилуу жазуучу, публицист,журналист А. Матисаков, кафедранын ага окутуучусу, акын А. Тумонбаев сөз алып сүйлөп, Роза Төрөкуловнанын аялдардын укугун коргоодогу ишмердигин баса белгилеп, эжени эртеңки майрамы менен кызуу куттукташты.
Жолугушуу студенттердин жандуу ыр-күүлөрү менен коштолуп, жыйынтыгында мезгилдүү басма сөз кафедрасынын башчысы, профессор Н. К. Джумагазиева Роза Айтматовага ректордун ыраазычылык катын тапшырды.
Андан кийин Р. Төрөкуловна буга чейин кыргыз элине кеңири таркаган, өзүнүн «Тарыхтын актай барактары» жана «Человек жив до тех пор, пока о нём помнят люди…» аттуу китептерине кол тамга калтырып, аялзатынын эртеңки майрамына карата жылуу каалоо-тилектерин билдирди.

P.S.журналистика факультетинин жалпы жамааты Роза Айтматованы 8-март майрамына, кош майрам болгон туулган күнү менен чын-дилден куттуктайт.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8412