Караколдо бычакталып өлтүрүлгөн медколледждин директорунун үйүнөн өрт чыкты

0

Каракол шаарында 5-августтан 6-августка караган түнү медициналык клледждин мурунку директору Анарбүбү Апсалиеванын батиринде өрт чыкты.
Маалым болгондой,үй Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан. А.Апсалиеванын жалгыз кызы апасы өлгөндөн кийин туугандарыныкында жашайт.
А.Апсалиеванын бир тууганы — Тынчтыкбек Апсалиев өрт кырсыгы тууралуу алар таңкы саат 04:00 чамасында укканын айтты.Алар келгенде өрт чыккан жерде куткаруучулар жана милиция кызматкерлери иштеп жатышкан.
«Өрт өчүрүү кызматынын кызматкерлери бул атайын өрттөө болгондугун айтышууда», - деди ал.
Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы өрт фактысы боюнча тергөө тобу иштеп жатканын жана өрттүн себеби такталып жатканын билдирди.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/6576