Бишкек шаарында шектүү жарандарды кармоо учурунда милиция кызматкери бычактан жарадар болду.
Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Бишкек шаарынын Көк-Жар жаңы конушунун тургуну М.А., Октябрь РИИБге арыз менен кайрылып, бир нече күндөн бери анын үйүнө белгисиз унаа менен жүргөн адамдар байкоо жүргүзүп жатышканын айткан.
Оперативдүү-издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү жарандар жүргөн унаа аныкталган. Болжолдогон жерге келген шектүүлөрдүн бири — Өзбекстандан жараны, 1990-жылы туулган А.Б. кармалган. Текшерүү учурунда андан тапанча жана бычак табылган. Андан кийин Октябрь РИИБдин кызматкерлери калган шектүүлөрдү кармашкан, алар Ысык-Ата районунун аймагында жашынып жүрүшкөн 1992-жылы туулган Н.К., 1987-жылы туулган Р.Б. жана 1978-жылы туулган К.М., болгон
Милиция кызматкерлеринин рапортунда шектүү адамдарды кармоо учурунда Октябрь РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкери бычактан жараат алганы жазылган. Шектүүлөрдүн унаасын текшерүү учурунда кол кап, 3 ок, медициналык бет кап жана эки бычак табылган.
Бычактан жарадар болгон милициянын кызматкерлери шаардык ооруканага кайрылып, медициналык жардам алышкан.
Аталган факт боюнча Октябрь РИИБ тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168 (Каракчылык), 341 (Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү), 241 (Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) - беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
Бирок, кармоодон кийин Бишкек ШИИБге шектүүлөрдүн биринин ата-энеси арыз менен кайрылган. Анда ал милиция кызматкери адам укугуна каршы аракеттерди жасаганын, бири ооруканага башынан жарадар болуп түшкөнү айтылган.
Аталган арыз боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Бишкек ШИИБдин Ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө. Учурда бир нече экспертиза дайындалып, тергөө иштери уланууда.