Токмок шаарында үй өрттөнүп, 2 бала каза болду

0

Токмок шаарындагы үй өрттөнүп, 2 бала каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык шаардагы Ибраимов көчөсүндөгү үйдөн чыккан. Анын кесепетинен 95 чарчы метр турак жайдын 2 бөлмөсү, үй тиричилик буюмдары күйүп, 5 жаштагы Р. уулу Х. менен 3 жаштагы Р. уулу Н. каза болгон. Өрттүн чыгышына балдардын от менен байланышкан шоктугу себеп болгон.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/6818