Нарын районунун Солтон-Сары жайлоосунда эки жубай унаадан чыккан иске ууланып каза болушту. Ал эми 12 жаштагы уулу Кочкор райондук аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын райондук ЖКККБдан билдиришти.Маалым болгондой,17-августтан 18-августка караган түнү 1960-жылы туулган А.К. автоунаасы менен Кара-Жырга участкасынан Солтон-Сары жайлоосундагы мал сарайына бара жаткан. Анын жанында 1977-жылы туулган аялы М.А. жана 2006-жылы туулган баласы К.у.Д. болгон. Жолдон автоунаасы арыкка тыгылып, А.К. унаасын от алдырып отура берген. Анын кесепетинен ис уруп, айдоочу А.К. жана анын жубайы М.А. каза болгон.
Бул окуя боюнча тергөө иштери Нарын РИИБ тарабынан жүргүзүлүүдө.