Аламүдүн райондук соту 700 сом үчүн таанышына бычак сайган эркек кишиге өкүм чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.
Маалым болгондой,окуя ушул жылдын 16-мартында Аламүдүн районундагы кафелердин биринде болгон. Жабырлануучунун айтымында, 16-март түнү кафеде уктап жаткан. Аны айыпталуучу ойготуп, 700 сомун сурап баштаган. Абир (аты өзгөртүлдү) анын акчасын албагандыгын айтып, чөнтөктөрүн көрсөткөн. Андан соң, ал артына кайрылганда Артык (аты өзгөртүлдү) жабырлануучуну бычак менен сайып жиберген.
Натыйжада сот Артыкты 3 жылдык сыноо мөнөтү менен 6 жылга шарттуу түрдө кести.