Талас облусунун Манас районундагы «Чоң-Капка унаа жолу» көзөмөл-өткөрмө пунктунан чек арачылар күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган адамды кармады. Мамлекеттик чек ара кызматы аткезчи кечээ,22-августта кармалганын билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын 1975-жылы туулган жараны А.Р. «Мерседес-Бенц» унаасына кошумча челек орнотуп алып,Казакстандан Кыргызстанга 200 литр бензинди эч кандай документтери жок эле ташып өтүүгө аракет кылган.Керектүү документтер толтурулгандан кийин чара көрүү үчүн кармалган адам менен мыйзамсыз товар тиешелүү органдардын өкүлдөрүнө берилди.