Өлкө аймагындагы акыркы өрт кырсыктарына криминал аралашканбы? - ИИмдин жообу

0

Өлкө аймагында акыркы учурда катталган өрт кырсыктарында криминалдык элементтер жок. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымат таратты.

 

"Акыркы апта ичинде катталган өрт кырсыктары ички иштер органдарында катталып, бул фактылар боюнча тергөө амалдары жүрүүдө. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери аныкталып, буга байланыштуу тиешелүү экспертизалар дайындалды. Бүгүнкү күнгө чейин чыккан жыйынтыктарга ылайык, катталган өрт кырсыктарында криминалдык элементтердин белгилери жок. Эксперттер бул кырсык экенин жана өрт коопсуздугун күчөтүү керек экендигин белгилешүүдө. Учурда тергөө амалдары аягына чыга элек, өрттүн келип чыгуусунун так себептери экспертизанын жыйынтыгы чыкканда айтылат", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 14-сентябрда "Мадина" базарында өрт чыккан. Аталган аймакка тиешелүү кызматтар барып, адамдардын коопсуздугун сактоо, талап-тоноочулук фактыларын алдын-алуу максатында базардын айланасы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынган. Өрт өчүрүү үчүн 6 өрт өчүрүүчү унаасы тартылып, өрт базардын түндүк тарабындагы кампадан чыкканы аныкталган. 17-сентябрь күнү кечки саат 22:28 чамасында Каракол шаарында "Ак-Тилек" базарында өрт кырсыгы катталды. Базардын аймагы курчоого алынып, тиешелүү иш-аракеттер жасалды. Өрт ӨКМнын кызматкерлери тарабынан түнкү саат 2:00 чамасында толугу менен өчүрүлгөн. 18-сентябрда болжол менен түнкү саат 2:28 чамасында Көк-Жар айылында орун алган "Супара" этнокомплексинде өрт чыкты деген билдирүү түшкөн. Өрт толугу менен саат 6:40 чамасында өчүрүлдү.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/7325