Балыкчы ШИИБинин тергөөчүсү 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

0

Бишкек шаарында 100 миң сом пара алып жаткан жеринен Балыкчы ШИИБинин тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы акча талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында ыкчам аракеттерди жүргүзүп, 100 миң сом пара алып жаткан тергөөчүнү колго түшүрүшкөн.

Учурда аталган  факт боюнча кылмыш иши козголуп, милициянын Ш. у. А. аттуу ага лейтенанты УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/7330