Нарын дарыясына түшүп кеткен жарандын сөөгү 1 айдан бери табыла элек

0

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы Нарын дарыясына түшүп кеткен жарандын сөөгү 1 айдан бери табыла элек. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 4-августта 1988-жылы туулган Б.З. аттуу жаран дарыяга түшүп кеткен.

Издөө иштерине 12 куткаруучу тартылган. Издөө иштери бүгүн да улантылат.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/7337