Табып Хашим Зайналиев камактан бошотулду

0

Октябрь райондук соту тарабынан табып Хашим Зайналиев эркиндикке чыкты. Ага карата “Алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Жабырлануучунун доосу жок болгондугуна байланыштуу кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы медициналык уруксат кагаздары болбосо да бейтаптарды дарылаган Х.Зайналиевге “Мыйзамсыз дарыгерлик кылуу”, “Алдамчылык”, беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Саламаттык сактоо министрлиги Х.Зайналиевди жоопкерчиликке тартууну өтүнүп, 2016-жылдан бери Башкы прокуратурага кайрылып келген. Ага карата эки жолу кылмыш иши ачылып, кайра жабылган.

 

 

 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8043