Милиция кызматкерлери ири өлчөмдөгү пара менен кармалышты

0

ИИМдин ички иликтөө кызматкерлери менен УКМКнын кызматкерлери 24-январда Бишкек шаардык милициясынын Е.А. аттуу кызматкерин жана ИИМдин Н.У., Ж.Т. аттуу мурдагы кызматкерлерин 2500 доллар пара менен кармашты. Бул тууралуу  ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жемкорлукка шектелгендер УКМКнын тергөө абагына камалышты. Учурда ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүүдө.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8075