Кытайга алынып бара жаткан 11 тонна эшектин териси кармалды

0

Аткезчилик жол менен Кытайга алынып бара жаткан 11 тонна эшектин териси кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган эшектин терилери ондатр териси катары катталган.

22-январда чек ара кызматкерлери тарабынан Нарын облусунеун Торугарт  көзөмөл өткөрмө пунктунан Кытайга бара жаткан «МАN» үлгүсүндөгү унааны текшерүүгө алганда 11 тонна эшектин териси табылган.

Бул фактынын негизинде кылмыш иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8081