Жемкорлукка шектелип салык кызматкерлери кармалды

0

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Салык кызматынын Жалал-Абад облусундагы райондук бөлүмүндөгү коррупциялык иштин бетин ачты. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымтка ылайык, бөлүм башчы менен эки салык инспектору карыз болуп калган жеке ишкерден алгач 50 миң сом, андан соң Mercedes Benz унаасын берүүсүн талап кылган.

Коркутуп-үркүтүүнүн айынан ишкер инспекторлордун биринин тууганына өз автоунаасын каттатып берген.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иштери жүрүүдө.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8083