Токмок шаарында ок атышкан жарандар тергөө абагына камалды

0

Токмок шаарында болгон от атышуу окуясынын катышуучулары Аскат Үсөнов менен Дастан Бейшенкуловду Бишкектеги № 1 тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бейшенкуловго адам өмүрүнө кол салуу, пара талап кылуу айыбы тагылса, Үсөновго бейбаштык айыбы тагылууда.

Эске салсак, 25-январда Токмок шаарына жакын жерде ок атышуу болгон. Бул окуяда депутат Урмат Саамаевдин да аты аталган.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8142