Аравандагы жол кырсыгынан бир адам набыт кетти

0

 

Араван районунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза болуп, экөө жабыркады. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка таянсак, 30-январда саат 02:00дөр чамасында Ош-Араван жолунунун 10-чакырымынан Кара-Суу районунун Керме-Тоо айылынын  А.К. аттуу 55 жаштагы тургуну “Дэу Матиз” унаасын башкара албай айланып кеткен.

22 жаштагы М.Ш. аттуу Араван районунун тургуну алган жараатынан окуя болгон жерден каза тапкан.

Араван районунун 22 жаштагы дагы  эки тургуну  ар түрдүү жараат алышып облустук ооруканага жеткирилишкен.

Бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8148