Москва шаарында метродон кулап кеткен өспүрүм каза болду

0

Москвада метродон кулап кеткен 16 жаштагы кыргызстандык өспүрүм каза болду. Бул тууралуу фейсбук колдонуучусу Улан Кошматов жазды.

Маалыматка ылайык, өспүрүм Сузак районунан болот.

Эске салсак, Москванын "Сходненская" метросунда кыргызстандык өспүрүм метрого кулап кеткени кабарланган.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8157