Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

0

Чүй облусунун Аламүдүн районунда милиция кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, кылмышка шектүү досун бычак менен сайып жиберген.

Райондун нөөмөт бөлүмүнө ооруканага бычактан алган жаракаты менен жабырлануучу келип түшкөндүгү тууралуу маалымат жиберилген.

Милиция окуяга шектүү 46 жаштагы жаранды кармады. Алдын ала алынган маалыматка ылайык, шектүү менен жабырлануучу кырсыкка чейин спирт ичимдигин чогуу ичкендиги аныкталды. Алардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, үй ээси досуна бычак сайган.

Шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат.

Бул фактынын негизинде тергөө амалдары жүрүүдө.

     

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8188