Казакстанда газга ууланып төрт адам каза болду

0

Павлодаар облусунун Баянаул районунун Узун-Булак айылындагы үйлөрдүн биринде 6-февралда саат 21:30дар чамасында 4 адамдын сөөгү табылган. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Маалыматка караганда, үйдө 14 жаштагы кыз, 11 жаштагы бала жана ата-неси болгон. Алардын баардыгы газга ууланып өлүшкөн.

Бул үй-бүлөнүн эки кызы шаарда окугандыгында байланыштуу үйдө жок болушкан.

Бул окуянын негизинде иликтөө иш-чаралары башталды.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8197