Орусияда кыргызстандык эки наристе өрттөн куткарылды

0

Орусияда кыргызстандык эки кичинекей кыз өрттөн жабыркады. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазышты.

Маалыматка таянсак, өрт Москвадагы курулуш жүрүп жаткан жерде болгон.

Күйүп жаткан вагондон жумушчулар эки кызды куткарып калышкан. 7 айлык кыздын манжалары жана бети күйсө, 3 жаштагы кыздын  кулагы, таманы жана манжалары күйгөн. Кыздар ооруканага жеткирилди.

Өрт электр жабдыктарын туура эмес колдонуудан келип чыккан. Кыздардын ата-энеси 30 жана 22 жашындагы Кыргызстандын жарандары болушкан.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8199