Бишкек шаарынан уурулукка шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Ленин РИИБине арыз менен Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Анын айтымында, 3-январда мечиттин ичинен белгисиз адам 20 миң сомдук уюлдук телефонун уурдап кеткен.
Ленин РИИБнын кызматкерлери 20 жаштагы Б.у.А. аттуу адамды кармашкан. Кармалган адам 1 айга тергөө абагына киргизилди.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын алкагында кылмышка шектүү башка иштерге да катыштыгы бар экендиги далилденген. Ал ушул эле мечиттен күрмө жана 15 миң сомдук уюлдук телефон уурдап алган.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.