Кыргызстанда террордук чабуулдарды уюштуруш үчүн жашыруун топторду үгүттөп жүргөн чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Кармалган жаран жарылуучу заттарды даярдоо боюнча атайын курстан өткөнү жана шаарда, тоодо автоматтык салгылашууга машыктырылганы аныкталды.
Азыркы тапта шектүү адамга кол кабыш кылгандарды издөө иштери жүрүүдө.