Москвада футбол күйөрмандарын сүзүп алган Чыңгыз Анарбек уулу соттон акталды

0

Өткөн жылдын жай айларында Москвада жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп алган Чыңгыз Анарбек уулу акталып, абактан бошотулду. Бул тууралуу “Замандаш” партиясынан билдиришти.

Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын 8-февралында Смоленск облусунун соту Чыңгыз Анарбек уулун мөөнөтүнөн мурда бошотуу өкүмүн чыгарган.

“Алгач прокурор каршы болуп жатты. Азыр баары жакшы болуп бүттү. 19-февралда мени абактан чыгарышат. Бошоткон соң эки жума кармашат экен. Кыргыз элимдин колдоосу үчүн ыраазымын”, - деди Чыңгыз Анарбек уулу.

Эске салсак, 2018-жылдын 16-июнунда Москва шаарында футбол боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатканда такси жолдон чыгып кетип, жөө бараткан кишилерди сүзүп алган. Унааны кыргызстандык Чыңгыз Анарбек уулу багкарып бара жаткан.

2018-жылдын октябрь айында кыргызстандык жаранды Москва шаарынын Тверск соту 1 жыл 6 айга кара жумушка тартуу менен айлык маянасынан 15%ын кармай турган болуп, 3 жылга чейин унаа айдоо укугунан ажыраткан болчу.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8208