Мас абалында унаа башкарган милиция кызматкери кырсыкка кабылды

0

Бишкек шаарында милиция кызматкери жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Милиция кызматкери текшерилүү үчүн Наркологиялык борборго баруудан баш тарткан.  Кошумча милиция кызматкерлери чакырылып, аны Октябрь РИИБине алып барышкан.

 “Лексус”, “Деу Нексия”, Тойота Марк 2” унаалары сүзүшкөн. “Лексус” унаасынын айдоочусу мас экендигин тактоо үчүн текшерүүгө баруудан баш тарткан.

Ал эми эки айдоочу соо экендиги аныкталган. Үч унаа тең айып төлөөчү жайга токтотулду.

Учурда иликтөө иштери башталды.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8220