Эл аралык издөөдө жүргөн адам кармалды

0

Кадамжай районунда  эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдары билдиришти.

Маалыматка какраганда, 8-февралда  милиция кызматкерлери Хамлион айылынан 34 жаштагы С.У. аттуу адамды кармашкан. Ал  Өзбекстанда алдамчылыкка шектелип 2017-жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн. Кармалган адам Фергана облусунун Кувин районунда туулган.

Азыркы тапта кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга камалды.Тергөө амалдары жүрүүдө.

 

 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8226