Чет элдик жаран жеке ишкерди опузалап ири өлчөмдөгү акча алып жатканда кармалды

0

Бишкектен опузалап акча талап кылган чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка карганда, окуя 15-февралда катталып, КМШ өлкөлөрүнүн биринин жараны 3 миң доллар акча алып жаткан жеринен кармалган.

Кылмышка шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышта болгондугун билдирген. Жеке ишкерден 10 миң доллар акча талап кылган.

Кылмышка шектүү адам Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына эки айга камалды.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8272