Түркияда кыргызстандык аял киши өлтүрүүгө шектелип соту өтүп жатат. Бул тууралуу СНН түрк маалымат булагы билдирди.
Маалыматка таянсак, Түркиянын Манавгат шаарында 39 жаштагы Кыргызстандын жараны менен 74 жаштагы түрк жараны 64 жаштагы түрк жаранын бычактап өлтүрдү деген күнөө коелууда.
Кыргызстандын жараны күнөөсүн мойнуна алган эмес. Ал маркумду өлтүрбөгөнүн билдирүүдө. Окуя болгон күнү түрк жараны маркумду өлтүрүп, аны да коркутуп качып кеткенин айткан.
Бул окуя 2018-жылдын 4-июнунда Манавгат районуна караштуу Серик районунда болгон. Манавгат райондук прокуратурасы кыргызстандык аялды өмүр бою эркинен ажыратууну суранган.