Орок айылында жаш балдардын ортосунда мушташ чыкты

0

Бүгүн, 22-февралда Сокулук районунун Орок айылында кыргыз жана түрк улутундагы жарандардын ортосунда чыр чыкты. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, түрк улутундагы балдар эки кыргыз баланы себепсиз эле сабап салышкан. Токмок жеген эки бала кыргыздарды топтоп, мушташканга даярданышкан.

Окуя болгон жерге Сокулук РИИбнын кызматкерлери барышты. Азыркы тапта Орок айылында алдын алуу иштери жүргүзүлүп жатат.

 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8313