Орусияда Кыргызстандын жараны көп кабаттуу үйдүн чатырынан кулап каза тапты

0

Орусиянын Александровск-Сахалинск шаарында 5 кабаттуу үйдүн чатырынан кыргызстандык 41 жаштагы жаран кулап кетип каза тапты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык жаран турак жайдын чатырын оңдоп жатканда кулап түшкөн. Алган жараатынан улам окуя болгон жерден мерт кеткен.

Азыркы тапта кырсыктын себептери иликтенүүдө.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8326