Анжиянда оорукана жарылып 22 киши жабыркады

0

Өзбекстандын Анжиян калаасындагы оорукана жарылып, 22 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзбекстандын маалымат булактары жазышты.

Маалыматка ылайык, жабыркагандардын он сегизи окуучу, төртөө мугалим болгон. Алар ооруканага медициналык кароодон өтүш үчүн барган.

Жарылуу оорукананын от жаккан бөлмөсүндө болгон.

Учурда жарылуунун себептери иликтенип жатат.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8335