Ош облусунун Мады айылында 28 жаштагы Авазбек Майрамбек уулу 4-мартта улак тартыш оюнунда башы тай казанга тийип каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазышты.
Маалыматка таянсак, улакчы 28-февралда улак тартыш учурунда башы менен тай казанга тийген. Ооруканада опреация учурнда каза тапкан.
Улакчынын артында жубайы, бир жашка чыга элек баласы калды.