Кылмыштуу топ Беш-Күнгөйдө кетип бара жаткан адамдардын 310 миң доллар акчасын карактап кетишти

0

Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылында кылмыштуу топ унаада келе жаткан жубайлардын 310 миң доллар акчасын тоноп кетишти. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-мартта белгисиз эки адам “ Субару Форестер” унаасы менен келип “Тойота-Хайландер” үлгүсүндөгү унааны сүзүп токтоп, унаанын ичиндеги адамдарга курал такап, 310 миң доллар акчасын алып кеткен.

"Тойотанын" жүргүнчүлөрү 53 жаштагы киши жана анын 57 жаштагы жубайы экени аныкталды.

Учурда кыылмыштуу топту  издөөгө Чүй облусунун бардык жеке курамы тартылды. Жабыр тарткандар ооруканага ар кандай жарааттары менен жеткирилген.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8391