Сойкулук менен алектенген кыргызстандык кыздар Түркиядан колго түшүштү

0

Анталиянын Аланья шаарында сойкулук кылган кыргызстандык кыздар кармалды. Бул тууралуу түрк маалымат каражаттары жазды.

Маалыматка караганда, атайын операцияда 32 жаштагы Рамилия К. жана 37 жаштагы Назгүл И. Аттуу Кыргызстандын жарандары кармалды. Алар сойкулук кызматын көрсөткөн жеке батирде колго түшүшкөн.

Сойкулук менен алектенген кыздар Кыргызстанга депортацияланат.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8418