Каракол шаарынан улгайган аялдын сөөгү өз үйүнөн табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнен билдиришти.
Маалыматка таянсак, аялдын сөөгү бир аптадан бери жаткан.
85 жаштагы кемпир жалгыз жашаган, балдары болгон эмес. Учурда аялдын сөөгү моргдо. Анын денесинен зомбулуктун белгилери байкалган эмес.
Учурда бул фактынын негизинде иликтөө иштери жүрүүдө.