Ош-Бишкек жолунда 23 тонна кумшекер күйүп кеткен

0

Бишкек-Ош унаа жолунда 29-октябрь күнү 23 тонна кумшекер күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка таянсак, Токтогул районуна караштуу Ала-Бел ашуусунда оор жүк ташуучу унаадан өрт чыгып, куумшекер жана 6 дөңгөлөк күйүп кеткен.

Өрттүн себеби авто унааны башкаруудагы эрежени сактабоо болгон.

 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/848